Эртең, 22-январда республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 ... -5, күндүз -3 ... +2 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -2 ... -7, күндүз -2 ... +3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4 ... +1, күндүз +2 ... +7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1 ... -6, күндүз +2 ... +7;
Нарын жергесинде түнкүсүн -13 ... -18, күндүз -3 ... -8;
Бишкек шаарында кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1 ... -3, күндүз 0 ... +2 градус жылуу болот.