“Электр станциялары” ААКсынын маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 10 миллиард 376 миллион куб метрди түздү.
Бүгүн, 21-январда суунун агып келиши секундасына 186 куб метрди түзсө, ал эми сууну керектөө секундасына 704 куб метрди түзүүдө.
Айта кетсек, былтыр бул күнү Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 727 миллион куб метрди түзгөн болчу.