"Камбар-Ата-1" ГЭСине бара турган тоннель казылып бүтүп, учурда тоннелдин ичиндеги андан аркы иштер жүрүүдө. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун директору Салават Садыракунов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, узундугу 1388 метр болгон тоннель союз мезгилинде казылып келип, 126 метр калганда токтоп калган.
"Тоннелде бүгүнкү күндө техникалар иштеп, бетон төшөө, жарыгын, вентиляциясын куруу иштери жүрүп жатат", - деди ал.
Ошондой эле ал 2025-жылдын аягына чейин "Камбар-Ата-1" ГЭСине плотинаны курууга даярдык, жолдорду куруу иштери пландалганын айтты.