Бүгүн, 21-январда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Бишкектеги азык-түлүк базарларында эт азыктарынын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Ага ылайык, эт азыктары калаанын базарларында төмөнкү баада сатылууда:
"Аламүдүн" базарында бодо мал эти 550-600 сом, жылкы эти 500-550 сом, кой эти 500-590 сом;
"Орто-Сай" базарында бодо мал эти 550-650 сом, жылкы эти 500-600 сом, кой эти 580-600 сом;
"Ош базарында" бодо мал эти 550-580 сом, жылкы эти 450-550 сом, кой эти 550-580 сомдун тегерегинде сатылууда.
Министрлик аталган азык-түлүк базарларында уюштурулган социалдык аянтчалар учурда иштеп жаткандыгын кошумчалады.