Ысык-Көл районунда жол кырсыгынын айынан адам өлүмүн алып келген айдоочу кармалды

Ысык-Көл жана Балыкчы райондук укук коргоо кызматкерлери тарабынан жол кырсыгынын айынан адам өлүмүн алып келген айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн 14-декабрда ИИМдин басма сөз кызматынан маалым болду. ИИМдин маалыматына ылайык, 12-декабрь күнү кечки саат 6лар чамасында Балыкчы шаарында белгисиз айдоочу 35-40 жаштагы азиат улутундагы айымды сүзүп, качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Айдоочунун унаасынын дөңгөлөгүнүн капкакчасынын сыныгы  жол кырсыгы катталган жерде калып, милиция кызматкерлери ошол сынык менен издөө сала башташкан. Жыйынтыгында Чолпон-Ата шаарында изделип жаткан Ауди-100 унаасы табылып, 1951-жылы туулган Ак-Суу районунун жашоочусу М.У. кармалды. Унааны текшергенде жол кырсыгы катталганы аныкталып, кандын тактары табылган. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу кармоочу жайга киргизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан