Бүгүн 21-январда Талас ОИИБинин жетекчиси Азенбек Козукеев 7 жаштагы жеткинчекке велосипед белек кылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мекеменин жыйындар залында семинар-тренинг өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар катышып жатышкан. Семинар-тренингге Талас районундагы Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиев менен бирге анын 7 жаштагы уулу Рамазан кошо келген. Семинардын жүрүшүндө ИИМдин Ж.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун окутуучулары Рамазанга “Келечекте ким болосуң?" деген суроо беришкен. Рамазан ойлонбостон туруп милиция кызматкери болорун айткан.
Бул учурга күбө болгон Талас ОИИБинин башчысы Азенбек Козукеев семинар бүткөнгө чейин велосипед алдырып, келечектеги милиционер Рамазанга белек кылды. Жеткинчектин атасы Бакыт Сатыбалдиев уулу Рамазан милиция кызматкери боло тургандыгын көп айткандыктан, милиция имаратындагы иш-чарага атайын ээрчитип алгандыгын белгилеп, күтүүсүз белекке ыраазычылык билдирди.