Коргоо министрлигинин кампасынан 4 миллион сомдук материал уурдалганы белгилүү болду

Коргоо министрлигинин кампасында турган 4 миллион сомдук материалдык баалуулуктар уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалымдагандай, мыйзам бузуу министрликтин Бишкек турак жай пайдаланууну камсыздоо базасынын борбордук кампасында болгон. Факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери менен бирге кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан