
Республиканын аймагында соңку суткада 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылды. Мындай маалыматты ӨКМ бүгүн, 22-январда кабарлады.
"Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы болду", - деп жазылды анда.
Маалыматка караганда, Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.