Бишкекте 3 жаран кармалып, алардын үстүнөн түшкөн арыздар 40тан ашты

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип эки жигит, бир кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-январда милицияга М.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Туран туризм фирмасынын ээлери "чет өлкөгө эс алууга жиберебиз" деген шылтоо менен 105 миң 420 сомун алып, убадасына турбай кетишкенин айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2003-жылы туулган Ж.А., 2006-жылы туулган З.А. жана 2002-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция шектүүлөрдүн үстүнөн арыздангандардын саны 40тан ашканын жана жабырлануучуларга келтирилген зыяндын суммасы 35 миң долларды түзгөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан