Ысык-Көлдөгү төрөтканада 46 жаштагы кош бойлуу аял каза болду 

Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук ооруканасында кош бойлуу аял каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-январь күнү саат 23:00 чамасында 40 жума кош бойлуу болгон Тоң районунун 46 жаштагы тургуну ичи ооруп, оорукананын төрөт бөлүмүнө кайрылган. Аял текшерүүдөн өтүп, көзөмөл бөлмөсүнө жаткырылган. Ал эми саат 02:00 чамасында аял өзүн жаман сезип, кан басымы түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок кыска убакыттын ичинде аялдын каза болгону кабарланган.

Учурда аталган факт боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан