Сокулукта 24 жаштагы Астра аттуу кыз дайынсыз жоголду

Чүйдүн Сокулук районунда 24 жаштагы Астра Тыныбек кызы дайынсыз болуп изделип жатат. Ал 7-январда Жаңы-Жер айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.
Облустук милициянын маалыматына ылайык, 10-январда Сокулук РИИБине анын жакындары кайрылып, издөө иштерине көмөк сураган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө ал психикалык оору менен жабыркай турганы аныкталган.
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, чачы кара, көзү кара.
Кийген кийимдери: сыя түстөгү күрмө, кара кофта, бутунда кара түстөгү бут кийим.
Жогорудагы жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге: 0555 86-14-86, 0312 60-75-67 (нөмөөт бөлүмү) кайрылса болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан