Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева окуу графигинин өзгөрүшү жол тыгынын азайтууга кандай натыйжа берип жатканына кызыгып, мэрге суроо салды.
"Жол тыгынын жоёбуз деп окуу графигин өзгөрттүңөр. Эл буга аябай нааразы. Бул кандай жыйынтык берди? Муну жакшылап анализ кылыш керек. Эгер натыйжа бербесе кайра калыбына алып келгиле да", - деди эл өкүлү Талиева.
Ал эми Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ИИМдин берген маалыматына таянып, окуу графигинин өзгөрүшү натыйжа берип жатканын айтты.
"ИИМдин берген маалыматы боюнча, натыйжа болуп жатат. Алар өздөрүнүн расмий маалыматын элге, Жогорку Кеңешке дагы берген. Эгер азыр баарын бир убакытта жолго чыгарсак шаар токтоп калат", - деди мэр.
Эске сала кетсек, учурда өзгөртүлгөн окуу графиги боюнча окуучулар мектепке 07:30да келсе, Жогорку окуу жайларындагы сабак 10:00дө башталып жатат.