Кара-Балтада аял бычакталды. Милиция 49 жаштагы жаранды кармады

Кара-Балта шаарында аял кишини бычактоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-январда милицияга Жайыл райондук аймактык ооруканасына 44 жаштагы аял киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 49 жаштагы эркек киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө шектүү менен жабырлануучу бир үйдө спирт ичимдиктерин ичип отурушуп чырдаша кетишкени, мындан улам 49 жаштагы жаран 44 жаштагы жаранды ичке сайып салганы аныкталган.

Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан