Бүгүн, 22-январда Бишкек шаарынын "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери кар тазалоого чыгышты. Бул туурасында мэриядан кабарлады.
Маалымдалгандай, саат 13:00гө карата ишке 44 атайын техника тартылып, 55 тонна техникалык туз колдонулду.
"Кар тазалоого жаңы атайын техникалар жана 750 кызматкер тартылган. Алар тротуарларды тазалап, жолдордун жээктерин кардан арылтууда", - деп айтылат маалыматта.