Сүлүктү шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери унаа уурдап качып бараткан деп шектелген 17 жашар өспүрүмдү кармады. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Баткен облустук ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 19:00 чамасында Раззаков шаарынын үйлөрүнүн биринде токтоп турган Мерседес-Бенц 210 үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар уурдап кеткендиги боюнча билдирүү келип түшкөн.
Бул факты боюнча Баткен облусунун аймагында "Курчоо" иш-мерчеми киргизилип, ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Сүлүктү шаардык жол тескөөчүлөрү тарабынан Мерседес-Бенц 210 токтотулуп, 2007-жылы туулган Б.И. аттуу өспүрүм кармалып, Сүлүктү ШИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.