Бүгүн, 22-январда Бишкек — Ош унаа жолунун "Төө-Ашуу" ашуусунда кар көчкү түшүп, бир нече автоунааны басып калды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Маалымдалгандай, Бишкек — Ош унаа жолунун 132-чакырымына кар көчкү түшүп, саат 18:30дан баштап "Сосновка" жана "Чычкан" постторунда кайрадан унааларга чектөө киргизилди.
Азыркы тапта №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери көчкүнү тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Мындан улам Транспорт министрлиги зарылчылык болбосо алыс жолго чыкпай турууну эскертет.