"Эсин жоготкон аялды Тез жардам алып кеткен". "Төө-Ашуудагы" кар көчкүнүн алдында канча унаа калганы маалым болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 22-январда Бишкек — Ош унаа жолунун "Төө-Ашуу" ашуусунда түшкөн кар көчкү тууралуу маалымат берди.

Алдын ала маалымат боюнча, саат 18:04 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 132-чакырымында 2 жерге көлөмү болжол менен 3500 м3 кар көчкү түшкөн. Кар көчкү 6 жеңил унааны жана 1 Спринтер унаасын басып калган. Анын ичинен 1 жеңил унааны кар көчкү толук басып калган.

Куткаруучулар кар көчкүнүн астында калган унаадан 4 адамды чыгарышып, эс учун жоготкон 1 аялды Тез жардам кызматы алып кеткен. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу "Арал" жана "Сосновка" постторунда жеңил унааларга чектөө киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-01-22 22:04:00
Кудай өзүң сактаа
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан