Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүнүн кесепеттерин жоюу үчүн күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын билдирди.
Маалымдалгандай, "Сосновка” постунда 500 адамга, “Арал” постунда 100 адамга ылайык тамак-аш жана жылынуучу жайлар дайындалган.
Кар көчкүлөрдү атайын атып түшүрүү иштери боюнча Гидромет сунуш даярдап жатат. Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 10 куткаруучу даярдыкта турушат жана 300 литр күйүүчү май бар.