Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди жок кылуу жеке чечими болгонун айткан билдирүүсүнө комментарий берди.
"Бул боюнча ал жогорку окуу жайлардын мугалимдери менен болгон жолугушуусунда сүйлөп жатып айтканын көрдүм. Билдирүүнүн видеосун көрсөңүздөр, ал орус тилинде сүйлөп жатып айткан. Орус тили анын эне тили болбогондуктан, оюн жеткиликсиз айтып алды.
Ал эми жогоруда айтылган окуяга келсек, чындыгында эле ошол күнү маалымат түшөрү менен ошол кездеги башкы прокурорго чалып: "Окуя болгон жерге тез арада барып, дыкат карап мага ыкчам маалымат бериңиз", - дегем. Ал окуя болгон жерге аскер прокурору жана тиешелүү кызматкерлери менен барып, жеринде текшеришип, "Камчы Көлбаевди кармоого аракет кылышканда ал тараптан, анын жан сакчылары тараптан куралдуу каршылык болгон. Атайын кызматтын аскерлери өз өмүрлөрүн сактоо үчүн каршы ок чыгарууга мажбур болушкан, натыйжада кылмышка шектүү ошондон улам каза болуптур" деп маалымат берген.
Башкача айтканда, кызматкерлер өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын, мыйзамдардын чегинен чыгышкан эмес. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам жана инструкция бар. Ушул мыйзамдар иштеген. Бул мыйзамдар эч кимдин буйругусуз аткарылат. Камчыбек Кыдыршаевич ушул жөнүндө орусча сүйлөп жатып толук жеткире айта албай калган. Бул мыйзам бардык өлкөлөрдө колдонулат. Бул – дүйнөлүк практика. Кылмышка шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөтүп жатса, биз кылмыштуулукка каршы күрөшүп келген аскерлерибиздин өмүрүн тобокелге сала албайбыз да. Андыктан бул жакта эки ача пикир болушу мүмкүн эмес", - деген Жапаров.
Буга чейин УКМК башчысы 16-январда билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда Көлбаевди жок кылуу чечимин кабыл алууга аргасыз болгонун айткан. Ал мындай чечимге мамлекет үчүн барганын билдирип, ошол учурда өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор күч алып, атүгүл бийлик бутактарына чейин кулач жайып кеткенин белгилеген.
Эки күндөн кийин Ташиев журналисттер айткандарын туура эмес жеткирип жатканын айтып, Көлбаевди өлтүрүүгө буйрук бербегенин билдирди. Ал Көлбаевди Дөө Чыңгыздын өлүмүнө байланыштуу иликтөөгө алып келиши керек болгонун, ошол учурда кримтөбөл каршылык көрсөтүп ок атканын, мындан улам "Альфа" кызматкерлери да ок чыгарууга аргасыз болушканын айткан болчу.
Белгилей кетсек, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Кийин ага тиешелүү байлыгы, аны менен байланышы бар адамдардын мүлкү мамлекетке алынганы кабарланган.