
Бишкек–Ош унаа жолунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды.
ӨКМден кабарлагандай, убактылуу чектөө бүгүн саат 10:15те алынган.
Белгилей кетсек, кечээ жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу Токтогулдагы “Арал” постунда жүк ташыган унааларга саат 06:30дан тарта чектөө киргизилген болчу.