"Чектөөлөр алынды". Транспорт министрлиги ашуулардагы абал боюнча билдирди

Жасалма тыгын болтурбоо максатында буга чейин Бишкек–Ош унаа жолундагы "Арал" жана "Сосновка" постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул туурасында бүгүн, 23-январда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мындан тышкары саат 12:00дө Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун 60-чакырымында жайгашкан Өтмөк ашуусунда да чектөө алынды. Жол ишканалары тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Транспорт министрлиги кандай жагдай жаралбасын айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Ашуулардагы абал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан