Бүгүн, 23-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылындагы жана Кара-Суу шаарынын Тельман айылындагы бала бакчалардын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Нариман айылындагы бала бакча 120 орунга ылайыкташкан. Объекттин курулушу 2023-жылы башталган.
Ал эми Тельман айылындагы бала бакча 140 орунга ылайыкташкан. Анын курулушу да 2023-жылы башталган.