Сауд Арабиясы умрага барчулар үчүн жаңы талаптарды киргизди

Тышкы иштер министрлиги 2025-жылы умра кылуу максатында Сауд Арабияга барууну пландаган чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңы медициналык-санитардык талаптар жана сунуштар киргизилгендигин билдирди.

Ага ылайык, умра кылууну пландап жаткан бардык чет өлкөлүк жарандар менингококк менингитине каршы эмдөөдөн өтүүгө жана тиешелүү сертификатка ээ болушу тийиш. Менингококк менингитине каршы эмдөө Сауд Арабияга келгенге чейин кеминде 10 күн мурун, же вакцинанын түрүнө жараша акыркы 3 же 5 жылдын ичинде алынышы керек.

ТИМ жаңы талаптар менен кененирээк Сауд Арабиянын Саламаттык сактоо министрлигинин сайтынан таанышып алууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан