Бишкектиктер эми шаарды каптаган ышты онлайн көрө алышат

Бишкек шаарындагы абанын сапатын көрсөтүп туруу үчүн Боз-Бөлтөк тоосуна жана "Совмин" турак-жай комплексине камералар орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалымдагандай, министрлик видеобайкоолорду "Кыргызтелеком" менен биргеликте орноткон. Мекеме эми шаар тургундары абаны сапаты менен тааныша алат дейт. Ал үчүн https://online.kt.kg шилтемесине кирүү керек.

Буга чейин 20-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында жаратылыш министри Медер Машиев Боз-Бөлтөк тоосуна Бишкек шаарындагы ыштын абалын аралыктан көрсөтүп турган видеобайкоо орнотуларын айткан. Ал шаарды каптаган ыш азайганын айтып, социалдык тармактарда мурунку тартылган видеолор тарап жаткандыктан коомчулукта түтүн боюнча туура эмес пикир жаралганын, андыктан ушундай чечимге келишкенин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан