Бишкекте автоунаа уурдап качкан 16 жаштагы жаран кармалып, күнөөсүн моюнга алды

13-декабрь күнү милицияга Бишкек шаарынын 48 жаштагы жашоочусу Б.Р. аттуу адам арыз менен кайрылып, шаардын Лев Толстой көчөсүнөн белгисиз жаран Мазда 626 үлгүсүндөгү унаасын уурдап качканын айткан. Ушул эле күнү Бишкек ШИИБинин ыкчам издөө тобунун аракеттеринен улам Бишкектеги жаңы конуштардын биринен шектүү катары 16 жашар М.Ислам кармалды. Аталган жаран Нарын облусунун тургуну экендиги жана ушул жылдын март айында "тоноо" фактысы боюнча соттолгону белгилүү болду. Камакка алынып, 2 айдан соң эркиндикке чыккан. Кармалган учурда анын жанынан бир топ унаалардын ачкычы, 4 уюлдук телефон алынган. Учурда кармалган жаран автоунаадан буюм уурдоо боюнча 2 факты, автоунаа уурдоо боюнча 4 фактыны моюнга алды. Анын башка кылмыштарга да катыштыгы бар же жоктугу учурда иликтенип жатат. 

            

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан