28-январда саат 10:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, калаадагы Скрябин, Тыныстанов, Радищев, Панфилов, Медеров, Горький көчөлөрүндө ичүүчү сууну берүү токтотулат.
"Бишкек суу канал" ишканасы усуну өчүрү шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу экенин белгилеп, тургундарды ичүүчү суу камдап алууга чакырды.