Оорулуу балдарга жардам сурап, жарандардан миллиондогон сом алдап алган ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ага эл 2024-жылдын ноябрь-декабрь айларында эле 2 миллион 500 миң сомдон ашык акча которгон. Ал өзүн жардамга муктаж адам катары тааныштырып, жарандарды алдап, өз муктаждыгы үчүн миллиондогон сомдорду чогултуп алууга шектелүүдө.
"Алдамчылыкка шектелген 24 жаштагы кыз негизинен өлкөнүн түштүк облустарында иш алып барып жүргөн. Өзүн ооруган адамдын тууганы же ыктыярчы катары көрсөтүп, катуу ооруп жаткан балдарга жардам көрсөтөм деп алдап акча алып жүргөн. Ал алдоо максаты менен ар кандай схемаларды колдонуп, адамдардын эмоциялары жана сезимдери менен ойногон", - деп айтылат маалыматта.
Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда кайрымдуулукка чакырган жарнамалык билдирүүлөр байкалган. Ал маалыматты текшерүү учурунда айрым адамдар элүү жаштагы бейтапка жардам берүүнү каалагандардан кайрымдуулукка акча чогултуп алып жатканы белгилүү болгон, бирок ал адамдын 2024-жылдын март айында эле кайтыш болгондугу аныкталган.
Бул мазмундагы шектүү басылмаларды андан ары изилдөө жана талдоо учурунда мобилдик капчыктын номерлери дайыма өзгөрүп турганы байкалган. Ошондой эле бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн акча чогултуу менен алектенген белгисиз адамдар Ысык-Көл облусунун тургунунун үй-бүлөсү мурда даярдап тартылган видеону кайра эле социалдык тармактарда колдонуп жатканы аныкталган. Баланы дарылоого жардам берүү өтүнүчү жазылган бул видео буга чейин жарыяланып, учурда башка белгисиз адамдардын байланыш маалыматтары камтылганы такталган. Ал эми, алдамчылар мурда жарыяланган видеоматериалдарды жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, ошондон пайда табуудан тартынышкан эмес.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк тергөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган жаш келиндин өздүгү аныкталган. Ал шектенүүлөрдөн алыс болуш үчүн социалдык тармактар аркылуу тапкан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга банк карталарын каттатып, ачтырган. Аларга каржылык жардам убада кылып, толук жеке маалыматтарын алып, ишенимине кирип, кийин алардын атына онлайн банк эсебин ачуу үчүн колдонуп келген.
"Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө абоненттик номурлар, анын ичинде мобилдик банкинг кызматына катталып колдонгондор текшерилген. Шектүү жаран бул жерде дага башка адамдарды алдаганы белгилүү болгон. Алынган маалыматтарга караганда, электрондук капчыктар ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга катталып, бирок ал жакта өзүнүн телефон номерлери байланган. 2024-жылдын ноябрь-декабрь айларында эле электрондук капчыктарга 2 миллион 500 миң сомдон ашык акча түшкөн. Бул суммадагы акчаны жарандар кайрымдуулук катары оорулуу балдарга беришкен. Бирок ал каражаттын баары алдамчынын чөнтөгүнө түшкөн", - деп айтылат билдирүүдө.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2000-жылы туулган кылмышка шектүү жаран М.М. расмий түрдө эч жерде иштебесе да, баасы 30 миң доллардан ашкан BMW унаасын сатып алганы аныкталган. Шектүү 17-январда Ош шаарында "БМВ" үлгүсүндөгү унаасын айдап баратканда кармалып, Бишкекке жеткирилген. Кармалган жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 19-январда сот аны камакка алуу чечимин чыгарган.
ИИМ жарандарды муктаждарга жардам көрсөтөөрдө социалдык тармактардагы билдирүүлөргө көңүл бурууга чакырды.