Чүйдөгү ири өрт: 2 кабат мечиттин 900 чарчы метр аянты күйүп кетти (сүрөт)

Чүй облусунун Сокулук айылындагы эки кабаттуу мечитте чыккан ири өрт толугу менен саат 03:00дө өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшөрү менен саат 20:15тен тартып 4 күжүрмөн эсеп өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүшүп, 22:12де чектөөгө алынган. ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Акжол Үсөн уулунун жетекчилигинде ыкчам топ, 1 водовоз, ИИМден 2 экипаж, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылып, мечитке жакын жайгашкан турак үйлөргө жалын өткөрбөй сактап калышты.

Ал эми тилсиз жоонун кесепетинен болжол менен мечиттин 900 чарчы метр аянты күйүп кетти. Жабыркагандар жок. Өрттүн себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан