Бишкектеги Профсоюзная жана Махатма Ганди көчөлөрүндөгү күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатууну токтотуу боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Маалымдалгандай, Биринчи май районунун Салык кызматы тарабынан 1190 литр бензин алынып, Салык кызматынын айып базасына жеткирилди.
Муниципалдык инспекция тарабынан Укук бузуулар кодексине ылайык 2 протокол түзүлүп, 6000 сом айып салынды.