Алмамбет Шыкмаматов фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 25-январда Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов фармацевтика тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу SUPER.KG поталына Кыргызстандын Фармацевтикалык союзунун аткаруучу директору Алмазбек Алтыбаев билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда фармацевтика тармагындагы салык салуунун актуалдуу маселелери жана электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагаздарды колдонуу маселелери талкууланды. Фармацевтикалык сектордун өкүлдөрү ЭТТКны киргизүүдө пайда болгон кыйынчылыктар тууралуу айтышты.

Анда Салык кызматынын башчысы эсепке алууну жөнөкөйлөтүү үчүн ЭТТКны бухгалтердик системалар жана дарылардын онлайн базасы менен интеграциялоо зарыл экенин айтты. Шыкмаматов ЭТТКны колдонуу импорттоочулар, өндүрүүчүлөр жана ири соода тармактары үчүн милдеттүү бойдон кала тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле дары-дармек каражаттарын эсепке алууну жөнөкөйлөтүү үчүн ЭТТКны "1С-Бухгалтерия" системасы жана дарылардын электрондук маалымат базасы (ДЭМБ) менен интеграциялоо каралууда.

"Чакан жана орто бизнес үчүн дарылардын электрондук маалымат базасын "1С-Бухгалтерия" жана ЭТТК менен бириктирүүнү камтыган чечим иштелип чыгууда, бул ишкерлерге маалыматтарды бирдиктүү платформада толтурууга мүмкүндүк берет. 1-мартка чейин бул чечимди иштеп чыгуу үчүн мөөнөтүбүз бар", – деди Шыкмаматов.

Мындан сырткары салык жеңилдиктери жана салык салуудагы өзгөрүүлөр талкууланды. Тактап айтканда, мыйзамдарга жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарын КНСтен бошотууну караган түзөтүү даярдалууда.

Салык кызматынын төрагасы гемодиализ кызматын көрсөткөн уюмдар үчүн бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн режимине өтүү мүмкүндүгүн белгиледи. Ал Салык кызматы жагымдуу ишкердик чөйрөнү, анын ичинде фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын кошумчалады.

Жолугушуу Кыргызстанда салык жол-жоболорунун ачыктыгын жогорулатуу жана фармацевтика тармагын өнүктүрүүнү колдоо үчүн натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында түшүндүрүүнү улантуу жөнүндө макулдашуу менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан