"Арасында аялдар да бар". Бишкек менен Чүйдө бир күндө 32 мас айдоочу кармалды (видео)

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Атайын ротасы тарабынан дем алыш күндүн соңунда Бишкек жана Чүй облусунун аймагында атайын рейд өткөрүлүп, бир сутка ичинде 32 мас абалында унаа башкарган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдирди.

"Алардын ичинде айым айдоочулар да бар. Кармалган унаалардын баары айып короого токтотулуп, айдоочулардын тийиштүү докумменттери айдоо укукуганан ажыратуу үчүн сотко даярдалууда", - деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы “Рулда” аталышында рейд өткөрөөрүн белгилеп, рейддик иш-чара айдын аягына чейин уланаарын эскертет.

"Рейд учурунда ичип алып унаа башкаргандарга жана жасалма жалган мамлекеттик номур тагып айдагандарга өзгөчө көңүл бурулат. Рейддик иш-чарага массалык маалымат каржаттарынын өкүлдөрү катышып, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын жүздөрү башкаларга эскертүү болушу үчүн коомчулукка ачык көрсөтүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.


Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан