Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Каракол шаарында Швейцариянын "Helvetas" уюмунун лыжа машыктыруучуларын окутуу программасынын катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Байсалов катышуучуларга Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.
Программа Кыргызстанда таанылган швейцариялык мектептин моделине негизделген жогорку европалык стандарттарга ылайык келген лыжа машыктыруучуларынын улуттук мектебин түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган.
Эдил Байсалов өлкөнүн тоо лыжа индустриясын өнүктүрүү үчүн лыжа машыктыруучуларын даярдоодо жана лицензиялоодо эл аралык стандарттарды киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, инфраструктураны өнүктүрүү жана бул жааттагы кесипкөйлүктү жогорулатуу Кыргызстандагы лыжа курортторун эл аралык борборлорго айлантууга жардам берет.
"Helvetas" программасы биздин өлкөнүн туруктуу туризмин жана экономикасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Биз Швейцария өкмөтүнө жана "Helvetas" уюмуна Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазыбыз. Программанын катышуучулары өлкө боюнча машыктыруучулардын Улуттук мектебинин өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деп ишенебиз", - деди ал.