Бишкекке Түркиядан дагы 43 жаңы автобус келди (сүрөт)

Борбор калаага 43 даана Isuzu автобустары келди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди

Маалыматка ылайык, үч эшиктүү 12 метрлик автобуста 21 орундук болуп, жалпы 85 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Пандустар орнотулуп, кош бойлуу аялдар жана улгайгандар үчүн орундар каралган.

Транспорт жүргүнчүлөрдүн ынгайлуулугу үчүн зарыл болгон бардык нерселер менен жабдылган (камералар, кондиционер жана телефон кубаттоо үчүн орундар).

Түркиялык Isuzu өндүрүүчүсүнүн суюлтулган газ менен жүргөн жаңы заманбап автобустарынан жакынкы күндөрү дагы 25 даана келери күтүлүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан