Орусиядагы Барнаул-Алейск унаа жолунда 23-январда Кыргызстандын жарандары катышкан автокырсык катталды. Бул тууралуу Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу кызматынын Алтай аймактык башкармалыгы билдирди.
"Унаалардын биринин айдоочусу экинчисин чиркегичке сүйрөп баратып, жолдун тайгак тилкесинде рулду башкара албай калып, эки унаа тең оодарылып кеткен. Биринчи унаанын айдоочусу денесинен женил жаракат алган. Ал ооруканага жаткырууну талап кылган эмес.
Кырсыктын башка катышуучуларынын үчөө тең Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Алар жабыркаган эмес. Куткаруучулар керектүү жардамдарды көрсөтүшкөн", - деп айтылат маалыматта.