Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Испаниянын Барселона шаарына келип, Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын "Барселона" футбол клубунун жаштар курамына каршы беттешке болгон даярдыгын текшерди. Бул тууралуу футбол биримдиги кабарлады.
Эртеңки испандык клубдун жаштар курамына болгон оюнга Ташиев өзү дагы күбө болот.
Алдыдагы оюн Кыргызстандын жаштар курамасынын Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында өтүүдө.