УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Испанияда машыгуудан өтүп жаткан кыргыз футболчуларына чучук кесип таратты. Мындай видеону Кыргыз футбол биримдиги жарыялады.
Маалыматка ылайык, учурда футбол боюнча жаштар курамасы чет өлкөдө Азия Кубогуна карата окуу-машыгуудан өтүп жатат.
"Кыргызстандан көтөрүп келдим атайын. Балдарыбызга күч болот", - деген Ташиев.