Бишкектин чет жакасында массалык мушташ болду. Социалдык баракчанын колдонуучусу күбө катары видео менен бөлүшкөн.
Тасмадан тез татым сатуучу жайдын алдында 2-3 киши баштаган жарандар пикир келишпестиктен мушташып кеткенин байкоого болот. Ал эми күбөлөр келип, бири-бирин ур-токмокко алгандарды арачалоого алган. Алардын катарын аял кишилер да толуктайт.
Азырынча мушташ тууралуу расмий өкүлдөр маалымат бере элек.