Бүгүн, 27-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 109 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү суу сактагычка секундасына 192 куб метр суу агып кирип, 681 куб метр суу агып чыгууда.
Эске сала кетсек, бир жыл мурда 27-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 453 миллион куб метрди түзгөн болчу.