"Манас" улуттук академиясы 31-январда Бишкекте саясатчы, коомдук ишмер, манас таануучу Топчубек Тургуналиевди эскерүү кечесин өткөрөт. Бул туралуу SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалымдалгандай, "Манас" улуттук академиясынын негиздөөчүсү Топчубек Тургуналиевдин өмүр жолуна арналган бул кечеде анын руханий, маданий мурастарга арналган эмгектери, айрыкча “Манас” эпосун изилдөөдө жана жайылтууда кылган зор эмгектери, “Манас” улутттук академиясынын түптөлүшүнө кошкон салымы жөнүндө сөз болмокчу.
Кеченин алкагында Тургуналиевдин өмүр жолуна арналган сүрөт жана басылып чыккан эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулат.
Иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы залында өткөрүлмөкчү. 31-январь, жума күнү саат 10:00дө башталат.