"Эркечтам-автожол" жана "Торугарт-автожол" өткөрүү жайлары үч күнгө жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү жайлары үч күнгө жабылат. Бул туурасында бүгүн, 27-январда УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кытай Эл Республикасында Жаз майрамы майрамдалып жаткандыгына байланыштуу аталган өткөрүү жайлары 29-январдан 31-январга чейин убактылуу жабык болот.

"Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү “Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол" өткөрүү жайлар аркылуу өткөрүү 1-февралдан баштап кайрадан жанданат", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан