Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорунда кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлүп, жалпы 200 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында жарандардан келген кайрылуулардын негизинде муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылды. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев "Ас-Саффа" кайрымдуулук фонду менен иш алып барып, эки райондун элине 50 тоннадан көмүр бөлдүргөн.
Мындан тышкары Азыгалиев Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан каражат бөлдүрүп, Кайыңды айылындагы №1 мектепке музыкалык жабдык, №2 мектепке окуу эмеректерин, ал эми Курама айыл аймагындагы Алыкул Осмонов атындагы орто мектепке чарбалык шаймандарды тапшырды.