Бишкектин мэри быйыл калаада эмнелер куруларын тизмектеди

Бишкекте быйыл 5 мектеп жана 7 имарат куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда мэр Айбек Жунушалиев мэриянын жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди.

Маалыматка караганда, алар бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен, тагыраагы, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан курулат. Тиешелүү келишимдерге кол коюлду.

Мындан тышкары 5 бала бакчаны куруу жана реконструкциялоо пландаштырылууда. Ошондой эле республикалык бюджеттен каржыланган "Ак-Бата" турак жай комплексинде 660 орундуу мектептин курулушу бүткөрүлөт. №88 орто мектепке кошумча имараттын курулушу башталат, №55 билим берүү мекемесинин имараты оңдолот.

Ири долбоорлордун алкагында көп функционалдуу "Алга" стадионунун курулушу толугу менен бүткөрүлөт. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун 5 миң орундуу кичи аренасын куруу иштери аяктайт.

"Ак кула" ипподромунун ордунда март айына заманбап турак жай жана бизнес комплексин куруу пландалууда. Мындан тышкары 3 мектеп, 3 бала бакча жана ички жол инфраструктурасы курулуп, муниципалитеттин карамагына өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан