
Ысык-Ата районунун аймагында “Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара убагында мас абалында унаа башкарган чет элдик айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Чүй ЖКККБ бүгүн, 27-январда билдирди.
Ага ылайык, ал айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 193-беренесине ылайык протокол толтурулуп, унаасы айып короо жайына киргизилди.
Жол инспекторлору жарандарга мас абалда унаа башкарууга болбой турганын дагы бир жолу эскертти.