Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде шаардагы өтмөк кызматкерлер тарабынан жуулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.
Белгилей кетсек, Токторбаев бүгүн таң атпай шаарды кыдырган. Анда мэр шаардагы А.Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктү жуу үчүн протоколдук тапшырма берген.
Мындан улам кызматкерлер өтмөктү кол менен жуушту.
Аны менен бирге А.Масалиев көчөсүндөгү иретсиз жана көрүнүксүз, башаламан жарнамалык такталар алынып салынды.