Ош шаарында Монуев жана Шакиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги МПА жана "Red Petroleum" май куюучу жайларды алып салуу иштери жүрүп жатат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бул аракеттер эки деңгээлдүү жолдун жана өтмөктүн куруу иштеринин алкагында жүргүзүлүп жатат.
"Жайлардын ээлери Ош шаарынын мэриясынын сунушун кабыл алып, коомчулуктун дагы пикирин эске алуу менен бузуп алуу боюнча иштерди алып барууда. Май куюучу жайлар шаардын ортосунда, көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкандыктан, көп жылдан бери кооптуулукту жаратып келген. Андыктан аталган жумуштар жарандардын коопсуздугу үчүн жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.