"Аларды көрбөй коюуга даярмын!" Гүлзат Мамытбек балдарын коё бергенин айтты

“Мен балдарымдын атасына башкы ишеним катын берип, түбөлүк аларды коё бердим. Өмүр бою алар чымчыктай эркин болушсун”. Мындай билдирүүсүн өзүн "кыргыздын деми" атаган ишкер Гүлзат Мамытбек социалдык баракчасына жазып чыкты.

Ал 6 жылдан бери балдарын көрө электигин билдирип, сагыныч жана кусалыгы менен бирге үч бөлүктөн турган коштошуу сөзүн жазган.

Алгачкы бөлүк жолдошу балдарын ага карата тукуруп жатканын айтып, анын себеби ажырашып кеткен үчүн өч алуу экендигин билдирген.

Экинчи бөлүгүндө балдарынын ага жазган каты оор тийгенин белгилеп, өзүн тандоого кезек келгенин кошумчалаган.

Үчүнчү бөлүгүндө балдарынын келечеги жана эркин жашоосу үчүн коё бергенин айткан.

“Мен өзүмдү өткөндөн калган азап-тозоктон, курмандыктан куткарып эркиндикти тандадым. Мындан ары эркин жашоону каалайм.

Мен балдарымды эч качан көрбөй коюуга даярмын. Алардын сүйкүмдүү көздөрүн көрбөй, мамыктай жытын жыттабай, кучагыма баспай коюуга даярмын.

Алар жаратканга таандык. Мен да Кудайга таандыкмын. Бул анын каалоосу!

Силерди коё бердим. Кош болгула, менин балдарым! Кош бол менин эски жашоомдун маңызы!” - деп калтырган билдирүүсүндө.

Гүлзат Мамытбек мындан ары жаңы жашоо баштаганын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан