Эртең, 30-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 ... -8, күндүз -3 ... +2;
Талас жергесинде түнкүсүн -5 ... -10, күндүз -4 ... +1;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1 ... -6, күндүз -1 ... +4;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2 ... -7, күндүз -1 ... +4;
Нарын дубанында түнкүсүн -12 ... -17, күндүз -4 ... -9;
Бишкекте түнкүсүн -3 ... -5, күндүз 0 ... +2 градус болот.