Руслан Казакбаев Кыргызстандын Анкарадагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Албаниядагы, Түндүк Македониядагы жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы жана Израилдеги элчиси.