Дональд Трамптын администрациясы АКШдан 300дөн ашуун кыргызстандыкты депортация кылмай болду

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы өлкөдөн 1 миллион 440 миң адамды депортациялоону пландаштырууда. Бул тууралуу Fox News басылмасы АКШнын миграция жана бажы кызматынын маалыматтарына таянуу менен жазды.

Бул депортацияга Кыргызстандын 319 жараны дагы кирген. Ал эми Орто Азия өлкөлөрүнөн Казакстандан 369, Тажикстандан 149, Өзбекстандан 975 жана Түкрмөнстандан 40 жаран бар.

АКШ эң көп Гондурастын жарандарын депортациялоону пландап жатат (261 миңден ашуун адам).

Экинчи мөөнөтүнүн биринчи күнүндө Трамп мыйзамсыз иммиграцияны улуттук өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Ал аскерлерге чек араны бекемдөөгө жардам берүүнү буйруду жана жаңы башпаанек сурамдарына тыюу салуу, АКШда төрөлгөн мигранттардын балдары үчүн жарандык эрежелерди катаалдаштыруу боюнча буйруктарга кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан