Кыргызстанда Түркиядагы сезондук иштерге каттоо башталды

Кыргызстандын жарандары үчүн Түркиянын туризм тармагында иштөө үчүн онлайн каттоо башталды. Бул тууралуу Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, 18ден 45 жашка чейин жарандар мейманканаларда официант, тазалык кызматкери, ашпозчу аниматор болуп иштеп келсе болот. Жалпы 500 иш орун каралган.
Талаптар:
  • Кыргызстандын жарандары, жаш курагы 18ден 45 жашка чейин;
  • 2026-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспорту болушу керек.
Каттоо үчүн талаптар:
  • Аты-жөнү латын тамгасында жазылышы керек;
  • Паспорттун сүрөтү жана номери (PE же AC менен башталат);
  • Толук бойдон жана ак фондо тартылган беттин сүрөтүн жүктөө;
  • Электрондук почта;
  • Байланыш номери;
Талаптарга жооп берген талапкерлер электрондук почта аркылуу маектешүүгө чакырылат. Маектешүү 2025-жылдын 30-январында Бишкек шаарында өтөт.
Каттоодон өткөн талапкерлер түрк иш берүүчүлөр тарабынан тандалат. 500 орун толгондо, онлайн каттоо автоматтык түрдө жабылат.
Мекеме айлык маяна 700-800 доллардын тегерегинде болорун белгилеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан